Азаттык: Кечки радио эфир | 19.04.2024

  Переглядів 3,529

Азаттык

Азаттык

День тому

0:00 Анонс
1:17 Жаңылыктар
6:20 Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Казакстанда болду. Бул сапардан кандай жыйынтыктарды күтүүгө болот?
11:35 Кыргызстанда адам органдарын чет өлкөлөргө сатууга жана бул үчүн туруктуу канал уюштурууга шектелгендер кармалды.
16:00 Жаңылыктардын кыскача топтому
16:32 Израил Тегерандын буга чейинки чабуулуна жооп катары 19-апрелге караган түнү Ирандын аймагына сокку урганын америкалык маалымат каражаттары жазышты. Ирандын бийлиги үч чакан дрон атып түшүрүлгөнүн гана билдирип, чабуулдун чоо-жайы тууралуу маалымат берген жок.
20:34 Кыргызстанда активисттер аялдарга үй-бүлөлүк зомбулук маселесин көңүл бурууну талап кылып келишет. Мындай окуялар жалаң гана күйөөсү эмес, анын жакындарынан жабыр тарткандар арасында да бар. Дал ушундай айымдардын бири кайнатасынын зомбулугуна кабылганын айтып, "Азаттыкка" кайрылды. Ал мүлк талаштан улам кайнатасы кол көтөргөнүн айтууда. Кайнатасы анын айткандарын четке какты.
26:15 Кыргызстанда Тикток платформасы бөгөттөлдү. Бул социалдык тармактын ишкерлерге, бизнеске пайда зор болгонун айтып, наарызылыгын билдиргендер бар.
29:51 Анонс
30:17 Жаңылыктар
35:02 Жогорку Кеңештин 17-апрелдеги жыйынында Кыргызстандын Орусиядагы элчигинин кызматкери кабылган окуяга байланыштуу маселе көтөрүлдү.
45:47 “Манас” эпосунун балдарга арналган англис тилиндеги варианты жарык көрдү. Анын бет ачары 22-апрелде Берлин шаарында өткөнү турат. Кыргызстандагы “Бугу пресс” басма үйү котортуп, басып чыгарган бул китеп “Манастын” Кыргыз Эл Баатыры, жазуучу, драматург Бексултан Жакиев түзгөн вариантына негизделген. “Манасты” англисчеге которунун күңгөй-тескейи тууралуу “Бугу пресс” басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин “Азаттыкка” маек курду. Аны Кубат Касымбеков кепке тартты.
59:13 Аягы
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -ukposts.info/the/s_x.html...
Телеграм - t.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus

КОМЕНТАРІ: 3
@user-rj2ws3gu3r
@user-rj2ws3gu3r 13 днів тому
"Суу жок,жетишпейт"-деп келишет! Суу ташкындарын пайдаланса,жакшылап пландаштырып?!
@user-ps6xp1hh2l
@user-ps6xp1hh2l 13 днів тому
Тышкы иш.р минстири корго дипломатты мигрант.ды жандуубол суйлош,.. Тажиктин артынан б.уп жатат
@user-ps6xp1hh2l
@user-ps6xp1hh2l 13 днів тому
Камчы жолдошбаев жакшы адам былтыр бир мекемесин берген ,пенде да адашкан..
1 класс vs 11 класс (рисунок)
00:37
БЕРТ
Переглядів 3,3 млн
ТАШИЕВ СУЗАКТАГЫ ОКУЯ БОЮНЧА АЙТТЫ
4:22